Illustration ТЭӨИПти тапшыруу

2-КАДАМ: Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттер планын тапшыруу

Тажрыйбаңызды бөлүшүңүз жана жергиликтүү иш-аракеттериңизди жайылтыңыз

Мэрлердин Келишимине кол коюучу катары сиз кошулгандан баштап бир жыл ичинде Келишимдин максаттары жана иш-чаралары айтылган Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттер тапшырууга милдеттенме аласыз.

Сиздин ТЭӨИП муниципалдык кеңеш тарабынан жактырылып, Менин Келишимим (сыр сөз менен корголгон бөлүм) аркылуу англис жана орус тилдеринде жеткиликтүү болгон on-line тапшыруу системин колдонуу менен сиздин улуттук тилиңизде жүктөлүшү керек). Андан сырткары, Сиз, ошол эле учурда, ТЭӨИП калыбын англис же орус тилинде толтурушуңуз керек.

Бул калып сиз өзүңүз толтурсаңыз боло турган интернетке негизделген курал катары иштейт. Бул сиздин Чыгындылардын Базалык Кадастрдын (ЧБК) натыйжаларын жана сиздин ТЭӨИПтин негизги элементтерин корутундулаганга мүмкүнчүлүк берет.

Тапшыргандан кийин сиздин берилмелериңиздин орундуулугун Бириккен Изилдөө Борбору (БИБ) текшерип чыгат. Сиздин ТЭӨИП калыбы жактырылары менен берилген маалыматтын урунттуу учурлары Мэрлердин Келишими вебсайтында, сиздин кол коюучу катары профилиңизде жарыяланмакчы. Андан кийин сиз иш-аракеттериңизди жана жылышыңызды башка кол коюучулардыкы менен салыштыра аласыз.

Суроо барбы?

  1. ТЭӨИП качан тапшырылат?
  2. ТЭӨИП кантип тапшырылат?
Twitter
Телефонуңуз
аркылуу алмашуу
Facebook
Келишимдин бетине
күйөрман болуу
Newsletter
Ай сайын келүүчү
жаңылыктар катына жазылуу
Rss feeds
Жаңылыктарды реалдуу
убакытта алып туруу
Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен. Вебсайтты Мэрлердин Келишими Кеңселери тескеп турат..
Жаңылыктар | Күн тартиби | Сайт картасы | Rss жардам | Ыраазычылыктар | Укук